Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда шайлоонун жыйынтыгы билдирилип, Ашраф Гани жеңүүчү деп табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 546 | 0

Ооганстандын учурдагы президенти Ашраф Гани президенттик шайлоодо жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу EADaily маалымат порталы ооган маалымат агенттиктеринин шилтемелерине таянып жазып чыкты.

Мурдараак шайлоо комиссиясынын арыздар боюнча бөлүмү президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары билдирилгенден кийин келип түшкөн 16500 арызды каттаган.

Ооганстанда президенттик шайлоо өткөн жылдын 28-сентябрда өткөн. Алдын ала жыйынтыктарга караганда Ооганстандын учурдагы президенти Ашраф Гани шайлоочулардын 50, 64 пайыз добушун алгандыгы билдирилген. Ал эми экинчи орунда Ооганстандын учурдагы аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла 39, 52 пайызын алган. Ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына шайлоонун жыйынтыктарына макул эместигин билдирип, добуштарды кайра саноону талап кылган.

Ооганстандын мурдагы премьер-министри “Хезб-э-Ислами” партиясынын лидери Гүлбеддин Хекматияр 3, 85 пайыз добушка ээ болгон.

Эскерте кетсек, Ооганстандагы акыркы президенттик шайлоого 9 миллион оогандын 1 миллион сегиз жүз миңи эле катышкан. Шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо бир канча ирет артка жылдырылган. 2014-жылдагы президенттик шайлоодо да Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла катуу атаандашып, сырткы күчтөрдүн аракети менен жыйынтыгында, бийлик эки лидерге бөлүштүрүлүп берилген. Ашраф Гани президент болсо, Абдулла Абдулла Бириккен улуттук өкмөттүн башчысы болууга көнгөн эле.

Copyright © 2017 Maral FM