Биз менен байланышыңыз

Эл каттоо — 2020: Улуттукстатком мобилдик тиркеме иштеп чыкты

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 675 | 0

Улуттук статистика комитети Эл жана турак жай фондун каттоонун маалыматтарын киргизүү боюнча мобилдик тиркемени иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат бөлүмү билдирди.

Калктын жеке маалыматтарын жана коопсуздугун коргоо максатында, тиркемени ачууга бардыгынын мүмкүнчүлүк жок. Тиркемени орнотуу каттоочулардын Android 5.0 жана андан жогорку кубаттуулукта бар уюлдук телефондоруна жана планшеттерине орнотулат.

Ар бир каттоочунун мобилдик тиркемеге кирүү үчүн өзүнүн логини жана сыр сөзү болот. Мобилдик тиркеме эки тилде болот: мамлекеттик жана расмий тилде. Маалыматтар базасына окуу режиминде кирүү үчүн инструктор-контролдоочуга ноутбук жана 4G модеми берилет.

Анкеталарды толтурууда каттоочу кетирген логикалык каталарды инструктор-контролдоочу текшерип, комментарий жазып кайтарып берет. Анкеталарга өзгөртүү киргизүүгө каттоочунун гана укугу бар.

Мобилдик тиркемелерди тестирлөөнүн жыйынтыгы кагаз түрүндөгү суроолор баракчасы менен салыштырганда бир катар артыкчылыктарга ээ:

  • маалыматтардын сапатынын жакшыргандыгы;
  • каттоочунун күн сайын аткарган ишинин жыйынтыгына көз салуу;
  • автоматтык багыттаманын  оңдоп-түзөө мүмүкүнчүлүгү;
  • реалдуу убакыт ичинде каттоонун жүрүшүн көзөмөлгө алуу  мүмкүнчүлүгү;
  • каттоодогу талаа персоналдарын эффективдүү башкаруу.

23-марттан 1-апрелге чейин өлкөнүн бардык аймагында эл жана турак жай фондун каттоо бир убакытта өткөрүлөт. Шарттары татаал аймактарда каттоо иши 20-апрелден 29-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Каттоо бөлүмүнүн координатору катары 506 адам ишке алынат. 2 556 адам инструктор – контролер жумушка алынат. Мындан тышкары, 24 837 каттоочу ишке алынат.

Copyright © 2017 Maral FM