Биз менен байланышыңыз

Ат-Башыдагы логистикалык борбордун инвестору Абдыкадыров кайрылуу жасады

Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 2534 | 0

Ат-Башы районуна логистикалык борбор курулбайт. Бул туурасында борбордун инвестору Эмил Абдыкадыров кайрылуу жасады.

Төмөндө Абдыкадыровдун кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз.

“Биз эң оболу өлкөбүздүн экономикасынын өсүп-өнүгүшүнө жана элибиздин бакубат жашоосун каалап Ат-Башы районуна заманбап логистикалык борборду курууга белсенгенбиз. Буга чейин айтып келгенибиздей эле ушул логистикалык борбордун курулушу ишке ашып калганда, өлкө экономикасын көтөрүүгө олуттуу салым менен бирге, учурдун эң көйгөйлүү маселелеринин бири болгон калктын жумушсуздук маселеси да натыйжалуу чечилип, алыскы аймактын элинин жашоо-шарты жакшырмак. Тилекке каршы, коомчулуктун бир катмары жана жергиликтүү элдин бир бөлүгү аталган ири инвестициялык долбоорго каршы чыгышып, биздин изги тилегибиз ишке ашпай турган болду. Албетте абдан өкүнүчтүү. Анткен менен биз баштаган бул долбоорду өлкөбүздүн эртеңине, экономикабызга кайдыгер карабаган элибиздин бир топ кадыр-барктуу аксакалдары, келечекке заманбап көз карашы бар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле коомчулуктун калдайган бир бөлүгү колдоого алышып, жакшы ой-тилектери менен ортоктош болуп келди. Аларга биз чоң ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле долбоорду ишке ашырууга ынтызар болгон кыргыз өкмөтүнө да алкыш айтабыз. Андыктан коомубуздагы эки ача пикирлерди жана тынчсызданууларды эске алып, элибиздин жана өлкөбүздүн тынчтыгын баарынан жогору коюп, аталган долбоорду токтотууну туура көрдүк” — деп айтылат кайрылуусунда.

Copyright © 2017 Maral FM