Биз менен байланышыңыз

Кыздар күрөшүнүн машыктыруучусу Нурбек Изабеков 50 жашка чыкты

Кыска кабар , Спорт | 15 Фев 2020 | 1144 | 0

Бүгүн, 15-февралда кыздар күрөшү боюнча Кыргызстан курамасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков 50 жашын белгилеп жатат. Юбилейге карата Кыздар күрөшү федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев “Марал” радиосу аркылуу куттуктоо сөзүн айтты.

Кыргызстандын балбан кыздарынын жетишкендиктеринде Изабековдун эмгеги зор экенин вице-президент төмөнкүчө белгилейт:

Нурбек Изабеков бүгүн 50 жашка толду. Эр ортону элүү жашын ал Ысык-Көлдө кыздар курамасы менен Азия чемпионатына окуу-машыгууда белгилеп жатат. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова башында турган балбан кыздардын жетишкендиктеринде Нурбек Изабековдун эмгеги зор, — деди Байгазы Кенжебаев.

Ал ошондой эле Нурбек Изабековго узак өмүр, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, машыктыруучулук ишине албан ийгиликтерди каалады.

Нурбек Изабеков 1970-жылы 15-февралда Талас облусундагы Талас районунун Жерге-Тал айылында төрөлгөн. Эркин күрөш менен 8 жашынан машыккан. 1988-жылы Бүткүл союздук уландар оюнунда коло байгелүү болгон. Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (1995-ж, 1999-ж.). СССР спортунун эл аралык чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданы 2010-жылдан бери жетектеп келет.

Кечээ балбан кыздар устатынын юбилейин куттуктап, баасы 1000 долларлык Apple watch үлгүсүндөгү алтын саат белек кылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM