Биз менен байланышыңыз

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 20 Фев 2020 | 2103 | 0

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына чыкты.

76 кило салмактагылар арасында күрөшкөн Айпери тайпалык этапта өзбекстандык Мухлиса Нормуминованы утуп, япониялык кызга жеңилген болчу. Упайлардын артыкчылыгы менен жарым финалга чыккан. Жарым финалда казак спортчусу Эльмира Сыздыкованы утуп, финалга жолдомо алды.

Эми алтын байге үчүн чечүүчү беттеште ал кайрадан япониялык Хиро Минагава Сузуки менен кармашат.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 2020-жылдагы Азия чемпионаты Индияда өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM