Биз менен байланышыңыз

Аликбек Джекшенкулов Грециянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыска кабар , Саясат | 15 Фев 2020 | 686 | 0

2020-жылдын 12-февралында Афины шаарынын Президенттик сарайында Греция Республикасынын Президенти П.Павлопулоско Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана айкалыштырып иштөө менен Греция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Джекшенкуловдун Ишеним грамотасын тапшыруу аземи өттү. Бул туурулуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жумушчу сапардын алкагында Греция Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Орусия, Белорусия, Украина жана Борбордук Азия Департаментинин директору Д.Тулупас жана Ыйгарымдуу министр, департамент директору И.Эфтимиаду менен жолугушуулар болду. Жолугушулардын алкагында кыргыз-грек эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүнүн келечеги, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы укуктук базаны бекемдөөнүн зарылдыгы, коопсуздук, экономикалык, туристтик, билим берүү, маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ, ЕККУ алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM