Биз менен байланышыңыз

Белоруссияда акысыз билим алууга сегиз гранттык орун бөлүндү

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 335 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Белоруссиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчкону кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар билим берүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашып, 2020-2021-окуу жылы үчүн Белоруссия тарап Кыргызстандын жарандарына сегиз гранттык орун бөлгөнү маалым болду.

Андрей Страчконун айтымында, учурда Белоруссияда 26 Кыргызстандын жараны билим алып жатат, алардын жыйырмасы келишимдик негизде.

Быйыл Белоруссия өкмөтү чет өлкөлүк студенттер үчүн жалпы 100 гранттык орун бөлдү. Анын сегизи Кыргызстанга берилди. Грантка ээ болгон студенттер акысыз билим алат жана аларга стипендия төлөнөт. Жакшы окуган, коомдук иштерге активдүү катышкандардын стипендиясына каражат кошулмакчы”,- деди Андрей Страчко.

Жолугушууда мынданы сырткары кыргызстандыктардын Белоруссиянын баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында акысыз билим алуусу жана эки өлкөнүн техникалык багыттагы университеттеринин кызматашуусун жакшыртуу суроолору талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM