Биз менен байланышыңыз

Президент Казакстан элине Кордай окуясына байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 416 | 0

Бүгүн, 10-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Токаев менен Казакстандын Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады жана ага колдоо сөздөрүн билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстан элинин атынан Кордай районунда болгон окуянын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетүүсүн каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан оор мезгилдерде боордош казак элине ар дайым жардам берип келгенин жана жардам берүүсүн уланта берерин белгиледи.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу күн тартибинин келечек маселелерин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM