Кыргызстанда энелердин өлүмүнүн деңгээли 2018-жылдын январь-декабрына салыштырганда 14,9% кыскарган. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Жалпысынан республикада өткөн жылы 44 кош бойлуу аял көз жумган. Төрөттө жана төрөттөн кийинки мезгилде энелердин өлүмү 100 миң тирүү төрөлгөндөргө 27,8% түзгөн (2018-жылы 52 аял каза болгон, көрсөткүч 32,6).
Энелердин өлүмүнүн негизги себептери экстрогениталдык оорулар – 31,8%, кан кетүү – 22,7%, сепсис – 18,2%, преэклампсия, эклампсия – 15,9% жана анафилактикалык шок, өпкө артериясынын тромбоэмболиясы боюнча — 9,1 %, өлүмдүн себеби аныкталбаган бир учур катталган, ал жалпы көрсөткүчтүн 2,3% түзгөн.