Connect with us

Токаев: Кордайдагы жаңжалда каза болгондор да бар

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2020 | 1331 | 0

Казакстандын Кордай районунун калк жайгашкан аймактарында чыккан жаңжалдан улам жаракат алгандар жана каза болгондор бар. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү жашоочулардын ортосунда чыккан жаңжалды чагымчыл топтор пайдаланып, окуянын кесепетинен каза болгондор да бар.

-Учурда кырдаалды полиция жана Улуттук гвардиянын кызматкерлери жөнгө салып турат. Тиешелүү органдар олуттуу жаңжалды жөнгө салуу үчүн чукул чечимдерди кабыл алышы керек. Ошого байланыштуу Кордайдагы окуяны иликтеп чыгуу үчүн өкмөттүк комиссия түзүүнү буйрук кылам, — деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Андан тышкары социалдык-экономикалык, гуманитардык көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү, каза болгондорду жерге берүү зыйнатын уюштуруп, жаракат алгандарга жардам берүү тапшырмасы берилген. Алардын жакындарына да колдоо көрсөтүү, күнөөлүүлөрдү аныктап, жазасын берүү, туура эмес маалымат тараткан жана чагымчылдыкты уюштургандарды да жоопко тартуу сыяктуу тапшырмалар да берилди.

Азырынча каза болгондор тууралуу расмий маалымат жок. Социалдык тармактын колдонуучулары 60тай адам жаракат алганын жазып жатышканын tengrinews.kz кабарлады.

 

Copyright © 2017 Maral FM