Биз менен байланышыңыз

Финляндиянын мектептерин ийгиликке жеткирген китептер кыргызча которулуп, бет ачары өтүүдө

Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт Паси Сальберг Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат? (англисчеси “Finnish Lessons 2.0: What Can the World Learn from Educational Change in Finland?”)  жана Тимоти Уолкердин “Финдердей окуталы” (“Teach Like Finland”) китебинин кыргызча котормолорунун презентациясы учурда коомдук ишмерлердин, ЖК депутаттарынын, билим берүү өкүлдөрүнүн жана кыргыз интеллигенциясынын катышуусунда И.Арабаев атындагы атындагы универстеттин Илимий китепканасында өтүүдө.

Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт Паси Сальберг тарабынан жазылган китеп Бакытбек Абдуллаев жана Элмира Абжапарова тарабынан кыргызчаланып, “Кереге” фондунун демилгеси менен “Китепстан” басма үйүндө даярдалган.  Китеп буга чейин 18 тилге которулган болсо, кыргыз тилине 19-болуп которулду. Кыргыз тилине которулушуна каржылык жактан жеке ишкер Таалай Кумбаев финансылык колдоо көрсөткөн.

Автор бул китепте ортозаар Финляндия өлкөсү экономикасы менен мектептеги билим берүүсүн ХХ кылымдын акыркы отуз жылында кантип мыкты деңгээлде өнүктүргөнү тууралуу баяндайт. Ийгиликтүү реформалар окуучулардын баарына бирдей билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп, ар бир окуучунун муктаждыгына жараша жекече мамиле жасоо, аз, бирок саз окутуу, эң алдыңкы жаштарды мугалимдик кесипке тартуу, саясатчыларды мугалимдердин ишине кийлигиштирбей, тескерисинче, аларды колдоп, ишеним көрсөтүү аркылуу кантип ишке ашканы тууралуу. Финляндия билимге таянган алдыңкы коомду өнүктүрүп, көп өлкөлөр үчүн педагогикалык жактан да, экономикалык жактан да баалуу сабактарды бере алат. Бардык саясатчылар жана билим берүү тармагынын кызматкерлерине сунушталат. Ошондой эле мектептерди жамандап же нааразы болгондун ордуна жакшыртууну каалагандар үчүн.

Бул китеп дүйнөнү өзгөртүү идеясы үчүн “Grawemeyer” сыйлыгына татыган.

Паси Сальберг – Финляндияда математика мугалими, насаатчы мугалим, изилдөөчү, билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт. Финляндия Билим берүү министрлигинин жетекчилигинде иштеген. Дүйнөлүк Банк, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму, Еврокомиссия, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу уюмдарда билим берүү боюнча эксперт болуп иштеген. Акыркы 20 жылда АКШ, Канада, Европа, Австралия, Орто Чыгыш, Африка жана Азия өлкөлөрүндө билим берүү реформаларын жүргүзгөн лидерлерге кеңеш берген. Гарвард университетинин ардактуу профессору. Азыркы учурда Австралиядагы New South Wales университетинин Гонски институтунун профессору.

Тимоти Уолкердин “Финдердей окуталы” (түп нускасы Teach Like Finland) китеби “Фин керемети 2.0” китебинин автору Паси Сальберг бул китептин баш сөзүн жазган. Эки китеп бири-бирин толуктайт. Паси Сальбергдин китеби негизинен саясатчылар үчүн болсо, бул китеп мугалимдер үчүн. Китепти англисчеден кыргызчага Мамасабыр Саипов которгон. Китептин кыргызчага которулушун жеке ишкер Батыр Аллахунов каржылаган.

Китептин автору Тимоти Д.Уолкер Финляндияда жашап иштеген америкалык мугалим.  Ал Финляндияга келгенге чейин АКШда мугалим болуп иштегендиктен, эки өлкөнүн билим берүү системасын, мугалимдерин жана окуучуларын салыштырып анализ кылат. Дүйнөнүн кайсы жериндеги мектеп болбосун керектүү практикалык 33 стратегияны сунуштайт. Китептеги стратегиялар эң оболу мугалимге, класс жетекчиге, мектеп директоруна, методисттерге жана чиновниктерге керек. Ошондой эле китептеги усулдардын ата-энелер үчүн да мааниси чоң.

Эки китептин тең редакторлугун Кубат Чекиров, корректорлугун Жетиген Асанбек, мукабасын Динара Чокотаева жасаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM