Бүгүн, 7-февралда эрте менен Бишкек шаарынын Ленин районунун Киев менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Ош базарынын аймагында жайгашкан дүкөндөн чыккан өрт саат 07:07де чектөөгө алынып, 09:10до толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 270 чарчы метр. Жабыркагандар жок.
Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.