Биз менен байланышыңыз

Президент сүт иштетүүчү жана жөжө өндүрүүчү заводдун ишмердиги менен таанышты

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 557 | 0

«Жер-жерлерде ишкерлерди колдоо өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган«, — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда «Кант-Сүт» жоопкерчилиги чектелген коомунун сүт иштетүүчү ишканасынын ишмердиги менен таанышуу учурунда.

Аталган ишкана өлкөнүн сүт өндүрүшүнүн алдыңкы сабында турат, анын продукциясы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна экспорттолот.

«Кант-Сүт» ЖЧКсы 302 адамды жумушчу орду менен камсыздайт. 2019-жылдын жыйынтыгы менен ишканада сатуунун көлөмү 644 млн сомдон ашып, бул көлөмдөн 148 млн сомдон ашык каражатка продукция экспорттолгон.

Президент ошондой эле инкубациялык жана тамак-аш жумурткаларын, суткалык жөжөлөрдү өндүрүү менен алектенген «Три Т» ЖЧКсы асыл тукум канаттуулар заводунун ишмердиги менен таанышты.

Ишканада 95 киши эмгектенет. 2019-жылы ишкана тарабынан өндүрүлгөн өндүрүмдүн көлөмү 250 млн сомду түздү. Ошондой эле «Три Т» ЖЧКсы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге продукциясын экспорттой алган уюмдардын реестрине киргизилген.

Мамлекет башчысы ушундай ишкерлердин аракеттери менен аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү камсыздалып, жаңы жумушчу орундары тузүлүп, ички миграция кыскарып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM