Биз менен байланышыңыз

Түркияда бир жерде эки ирет кайталанган кар көчкүдөн бир канча адам набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 981 | 0

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен бери дегенде 33 адам каза болуп, 53 адам жарадар болгон. Кар көчкү эки ирет кайталанган. Кар алдында калып калган адамдарды издеп жаткан куткаруучуларды кар көчкүнүн экинчи эпкини келип басып калган.

Шейшемби күнү ошол эле жерде биринчи кар көчкү жүрүп, натыйжада 5 адам жан таслим болгон. Окуя болгон жерге куткаруучу кызматтардан 300 куткаруучу келген. Алар шаршемби күнү кырсык болгон жерде издөө иштерин улантып жатышкан.

Түркиянын Hürriyet гезити Ван провинциясынын губернаторунун берген маалыматына таянып, набыт болгон кызматкерлердин арасында куткаруу операциясына тиешеси жок полиция кызматкерлери, кароол кызматкерлери жана бир өрт өчүрүүчү ошондой эле, бир канча жай тургундар да болгонун жазып чыкты.

Түркиянын мамлекеттик телевидениеси кырсык болгон жерде аскерлер жана Бахчесарай шаарынын жашоочулары иштеп жатышканын билдирди. Куткаруу иштерине коюу туман жана кар жолтоо болуп жаткандыгы айтылат. Кардан 30 киши казылып алынып, калгандарын издөө улантылууда. Түркиянын ички иштер министринин айтымында, 4-5 метрдеги терендиктен куткаруучулардын унаасы табылган. Кар алдында калган унааларда болжол менен 50 кишинин калгандыгы айтылууда. Алдын ала маалыматтарга караганда эки адам дайынсыз болууда.

Copyright © 2017 Maral FM