Биз менен байланышыңыз

Быйыл Ош шаарына 100 миңге жакын көчөт отургузулат

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 367 | 0

Ош шаарында көчөт отургузулуп, көрктөндүрүү иштери башталды. Бүгүн, 5-февралда Ош шаарын көрктөндүрүү максатында Осмонов көчөсүнө 200гө жакын ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Көчөт отургузуу иш-чарасына шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, тийиштүү ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

2020-жылы “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан шаарыбызга жалпысынан 800 түп ийне жалбырактуу, 1500 түп жазы жалбырактуу жана 80 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.

«Шаарыбызды көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурабыз. Жаз айында шаарыбызга 10 миң даана жоогазын гүлү жана жалпысынан 2 млнго жакын ар түрдүү гүлдөр эгилет. Ак-Бууранын жээгине Япониянын сакура дарагын отургузууну пландап жатабыз», -деди мэр Сарыбашов.

Мындан сырткары ал муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан шаарга 20 миң түп дарактардын ар башка көчөттөрү отургузула турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM