Биз менен байланышыңыз

Трамп өлкөнүн жагдайын айткан жылдык кайрылуу менен чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 494 | 0

Бүгүн кечинде Американын конгрессинде Дональд Трамп өлкөнүн жагдайын айткан жылдык баяндама менен чыгат.

Кайрылуу негизинен жакшы маанайда өтөрү күтүлүүдө. Ошентсе да, эл аралык басылмалар жазып жаткандай, айрым демократтар президенттин баяндамасына каршы бойкот кылышы мүмкүн.

Алдын-ала белгилегендей, бүгүн жалпы добуш берүү процедурасы аяктайт. Андан соң, 5-февралда АКШ Сенаты Трамптын импичмент ишин толугу менен жыйынтыктайт.

Дональд Трамп өзүнө импичмент жарыялоо иши жүрүп жаткан учурда жылдык баяндама менен конгресс алдына чыккан экинчи президент болмокчу. Мындан 20 жыл мурда Билл Клинтон да Жогорку палата импичмент жарыялоо маселесин карап жаткан кезде, “Өлкө жагдайы тууралуу” жылдык кайрылуу менен Сенат алдына чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM