Биз менен байланышыңыз

Кытай менен чектешкен чек ара убактылуу жабылып, аба каттамы токтотулду

Кыска кабар | 2 Фев 2020 | 600 | 0

Кыргызстан Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жапты, аба каттамын токтотту. Мындай чечимди Кыргызстандын аймагына короновирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штаб кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат бөлүмү кечээ, 1-февралда билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавирустун чыкканы боюнча такталган учур катталган жок. Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү жайларында, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттордо санитардык- көзөмөл пункттары иштеп жатат.

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өткөн жарандарда сасык тумоонун жана курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын белгилери  болсо атайын палаталарга (изолятор) жайгаштырылууда, ал жактан медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары эгерде өлкө аймагында вирус чыккан учур катталса, саламаттык сактоо уюмдарында атайын палаталар даярдалды.

Буга чейин Кыргыз Өкмөтү короновирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча санитардык жана эпизоотияга каршы чараларды уюштуруу тууралуу биринчи кезектеги иш аракеттердин планын иштеп чыккан.

Эске салсак, кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери 24-январдан 30-январга чейин Кытайдын Жаңы жыл майрамына байланыштуу убактылуу жабылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM