Биз менен байланышыңыз

Жугуштуу оорулар ооруканасына 1 суткада 193 бейтап кайрылды

Кыска кабар | 1 Фев 2020 | 354 | 0

Бир суткада Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 193 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 92 бейтап — жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы 43 бейтап (41 бейтап жаш балдар) ооруканага жаткырылган.

Ичеги оорусу менен 24 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 5 адам ооруканага жаткырылса, 19 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Ал эми вирустук инфекция менен кайрылган 56 бейтаптын ичинен 27 адам ооруканага жаткырылып, 29 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM