Биз менен байланышыңыз

Артем Меркин менталдык арифметика боюнча эл аралык сынакта чемпион болду

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 536 | 0

Минск шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча Эл аралык Олимпиадага Бишкек шаарынын №13 мектебинин окуучусу Артем Меркин катышып, эӊ жогорку балл алып, «Супер чемпион» наамын утуп алды. Ошондой эле Кытай жана Чыгыш Европа боюнча маданият жана билим боюнча Борбордун Ардактуу Грамотасына татыды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Олимпиадага Кыргызстан, Белорусия, Орусия, Казахстан жана Кытай мамлекеттеринен 100дөн ашык окуучулар катышты.

Ошондой эле, кыргызстандык окуучу Олимпиаданын көңүл ачуучу программасына катышып, анда Кыргызстандын тууралуу видеороликти көрсөтүп, кыргыз улуттук кийимин кийип, кыргыздын добулбас аспабында ойноп жатып, бир эле мезгилде экрандагы сандарды кошуп чыгарып, катышуучуларды таӊ калтырды.

Меркин Кыргызстанда, Түркияда, Оруияда, Казахстанда, Белоруста, Малайзияда өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык 13 олимпиаданын катышуучусу жана жеӊүүчүсү.

Copyright © 2017 Maral FM