Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы жабык. Кыргызстандын соода экономикасы эми кантет?…

Экономика | 30 Янв 2020 | 630 | 0

Коронавирус илдетинен коргонуу үчүн кыргыз-кытай  чек арасы убактылуу жабылды. Кытай Кыргызстандын  башкы соода өнөктөшү болуп, 90% товар Кытайдан келет. Кытай экономикасынын солгундашы Кыргызстандын экономикасында олуттуу өзгөрүүлөрдү жаратышы мүмкүн. Экономисттердин баамында, коронавирус оорусунан улам чек аралардын жабылышы Кыргызстанга эле эмес, бүткүл дүйнөлүк соода экономикасына таасирин тийгизип жатат. Учурда Кытайдан тамак-аш азыктарын киргизүүгө тыюу салынды. Кытайда тараган коронавирус илдети Кыргызстандын экономикасына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

Бишкектеги Дордой, Мадинасыяктуу ири базарларга товардын 90 пайызы Кытайдан келет. Дүң товар алып келген сатуучулардын айтымында, кампаларга сакталган жүк 2-3 айга жетет. Бишкектеги базарлардын биринде 4 жылдан бери сатуучу болуп иштеген  Махмудали Султанов 2-3 айга жете тургандай товар алып келген. Ал товар аз келсе, сөзсүз баанын көтөрүлүшү мүмкүн экендигин айтат:

Биз товарды Кытайдан алып келип сатабыз.  Мен февралдын башында товарга барышым керек, себеби жазга, жаңы товар алып келишибиз керек. Бирок эми чек ара ачылганда гана барабыз. Кокус  Кытайдан товар келбей калса, жеңил өнөр жай ишканалары жабылып калышы ыктымал, ошондой эле соода экономикасына терс таасири тиет деп ойлойм.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев Кытайдын чек арасы Жаңы жылга карата жыл сайын 10 күнгө жабылат, бирок чек арадагы маселелер, бажы салыгынын кымбатташынан келген товарлардын саны азайса, товардын баасы кымбаттайт деген пикирин билдирди:

-Негизи, жыл сайын Кытайдагы Жаңы жалга байланыштуу 10 күнгө чек ара жабылат. Азыр качан ачылары дайынсыз болсо, жүк ташуучуларга да кыйын болот, бажы төлөмү да кымбатташы мүмкүн. Андан сырткары, кыргыз-казак чек арасында Казакстан Кыргызстанга Кытайдан келген товарларды катуу текшерип жатат. Ошондуктан, жүк ташуучу унаалар чек арада көп убакытка кармалып жатат. Экинчи себеби — Казакстан Кытай соодагерлерин өзүнө тартуу үчүн да ушундай жолго барып жатат. 

Айтсак, Казакстандын чек арасында Кыргызстанга Кытайдан келген товарлар катуу текшерилип жатат.  Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы жагдай, оор жүк ташуучу унаалардын токтоп калуусун жана эки тараптуу жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында  эки тараптын өкүлдөрү “Ак-Тилек” постунда жаралган кырдаалды чечүүнүн механизмдерин карашты.

Товарлардын негизги бөлүгүн кыргызстандыктар коңшулаш өлкөлөргө алып чыгып, реэкспорт кылуу менен алектенишет. Коронавирустун дүйнөлүк соода экономикасына да таасири тийип жатканын мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев да айтып өттү:

-Чек аранын жабылышы Кытай мамлекетинин экономикасына жана башка өлкөлөрдүн экономикасына да олуттуу таасирин тийгизип жатат. Муну чоң көйгөй катары кабыл албашыбыз керек, бул — дүйнөлүк көйгөй. Евразия экономикалык биримдигине киргенден тарта баалар көтөрүлгөн, андан сырткары аткезчилик жол менен кирген товарларды көзөмөлгө алуу керек. 

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев коронавирустан улам Кытайдан кирген товарларга чек коюлганы менен, тамак-аш, өнөр жай товарлары башка коңшу өлкөлөрдөн ташылып келгендиктен, баа туруктуу кармалат  деп эсептейт:

-Туура, мөмө-жемиштер жана өнөр жай продукциясы Кытайдан келет. Коронавирустан улам өзгөчө мөмө-жемиштердин ташылы келүүсүнө чек коюлуп жатат. Кытайдан эле эмес, Орусия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдө тамак-аш продукциясы Кыргызстанга келип турат. Ошондуктан товардын баасында анча чоң өзгөрүү болбойт. 

Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстанга Кытайдан келген импорттун көлөмү $844,8 млн. сомду түзгөнү маалым.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM