Биз менен байланышыңыз

Баатыр шаар — Ленинград блокаданын алынышынын 76 жылдыгын белгиледи

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 910 | 0

Кечээ, 27-январда Санкт-Петербургда Ленинград шаарынын фашисттик блокададан алынышынын 76 жылдыгына карата майрамдык салтанат болуп өттү. Майрамдын урматына Санкт-Петербургдун Петропаловск чебинин жанында чоң артиллериялык салют атылып, аны Батыш аскердик округунун аскерлери уюштурушту.

Кечки саат 21-00дө Михалковский атындагы аскердик артиллериялык академиянын 85 миллиметрлик замбиректеринен 30 жолу залп берилди. Ар бир залп Ленинградды коргогон баатырлардын, советтик аскер башчылардын, ошондой эле тылдын эмгекчилеринин жаркын элесине арналып атылды.

Залптар эки миң салюттук курулмалардын коштоосунда фейерверктердин атылышы менен коштолуп турду. Бул Түндүк борбордун кышкы асманын көркүнө чыгарып турду.

1944-жылдын 27-декабрында Ленинграддагы блокаданын алынышынын урматына жалпы 324 артиллериялык замбиректерден 24 залп менен салют атылды. Алар Марс талаасында, Нева дарыясынын жээгинде жана Кызыл Туулуу Балтика флотунун аскердик кемелеринде да атылды.

Copyright © 2017 Maral FM