Биз менен байланышыңыз

Кытайдан 30 студент Өзбекстанга алып келинет

Кыска кабар | 26 Янв 2020 | 635 | 0

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кытайдын  Ухань шаарындагы 30 өзбек студентин алып  кетүүгө убада берди.

Ухань шаарында 250 өзбекстандык бар. Алардын көпчүлүгү жогорку окуу жайларынын студенттери. Көпчүлүк студенттер семестрдин аякташына байланыштуу мекенине кайтып келишкен.

Эскерте кетсек, Кытайдагы коронавирустан 56 адам каза таап, бул илдет дүйнө жүзүндө 2 миңден ашык кишиге жукканы маалым болду. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери жүрүшүнө чектөө киргизилди.

Андан сырткары  Cаламаттык сактоо министрлиги  «Манас» аэропортундагы санитардык карантин пункттарын текшерди. Бул пункттардын кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн ден соолугу жөнүндө сурамжылоо жүргүзүп, алардын дене табын өлчөөчү жабдыктар менен кылдат текшерип жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM