Биз менен байланышыңыз

Аэропортторго коронавирустун бар-жогун аныктоочу тепловизорлор орнотулду

Кыска кабар | 26 Янв 2020 | 1030 | 1

Кыргызстандын чек арасындагы өткөрүү бекеттеринин баарына, Бишкек менен Ош шаарындагы аэропортторго коронавирустун бар-жогун аныктоочу тепловизорлор орнотулду.  Санитардык-карантиндик пункттардын адистери өлкөгө Кытай жана башка мамлекеттерден келгендердин баарын текшерүүдө. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

11 пункт күнү-түнү иштөөгө өттү. Алар Кыргызстандын Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек араларына орнотулган. ЕАЭБдин ички чек арасына да (Кыргызстан — Казакстан) санитардык-карантиндик пункттарды ачуу каралууда. Мындай жайлар өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү менен жоюлуп кеткен. Кийинки жумадан тарта “Ак-Жол”, “Дунларов көпүрөсү”, “Ак-Тилек” жана “Чалдовар” өткөрүү бекеттеринде убактылуу санитардык-карантиндик пункттар иштей баштайт.

Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кыргызстан менен Кытай чек арасы жабылып, 23-январдан 1-февралга чейин Бишкек — Үрүмчү каттамынын токтогонуна карабастан, аэропорттогу санитардык-карантиндик пункттардын адистери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы айтылды.

Дарыгерлер жүргүнчүлөрдү учактан түшөрү менен текшерүүгө алышууда. Ушу тапта төрт тепловизор иштеп жатат, зарыл болсо изолятор дайын экени кабарланды.

1 пикир

1 пикир

  1. Рахат

    27.01.2020 17:12

    Саламатсыздарбы менин сунушум айылдардагы Китайлардын заводдорун текшерууго алыш керек!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM