Кыргызстандын чек арасындагы өткөрүү бекеттеринин баарына, Бишкек менен Ош шаарындагы аэропортторго коронавирустун бар-жогун аныктоочу тепловизорлор орнотулду. Санитардык-карантиндик пункттардын адистери өлкөгө Кытай жана башка мамлекеттерден келгендердин баарын текшерүүдө. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
11 пункт күнү-түнү иштөөгө өттү. Алар Кыргызстандын Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек араларына орнотулган. ЕАЭБдин ички чек арасына да (Кыргызстан — Казакстан) санитардык-карантиндик пункттарды ачуу каралууда. Мындай жайлар өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү менен жоюлуп кеткен. Кийинки жумадан тарта “Ак-Жол”, “Дунларов көпүрөсү”, “Ак-Тилек” жана “Чалдовар” өткөрүү бекеттеринде убактылуу санитардык-карантиндик пункттар иштей баштайт.
Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кыргызстан менен Кытай чек арасы жабылып, 23-январдан 1-февралга чейин Бишкек — Үрүмчү каттамынын токтогонуна карабастан, аэропорттогу санитардык-карантиндик пункттардын адистери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы айтылды.
Дарыгерлер жүргүнчүлөрдү учактан түшөрү менен текшерүүгө алышууда. Ушу тапта төрт тепловизор иштеп жатат, зарыл болсо изолятор дайын экени кабарланды.
1 пикир