Кыргызгидромет борбору маалымдагандай, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн кар жаайт.
Ал эми күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13
Бишкекте күндүз күн ачык болот. Түнкүсүн кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 1…+1 болот.