Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Кытай элин Жаңы жыл — Жаз майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 25 Янв 2020 | 455 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди ай календары боюнча Жаңы жыл — Жаз майрамы менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кытайдын кадыр-баркы эл аралык аренада жыл сайын бекемделүүдө. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кытай таасирдүү ийгиликтерге жетишти: Кытайдын экономикасы жогору ылдамдык менен өсүп, жарандардын бакубатчылыгы артууда. Сиздин жеке көзөмөлүңүздө ишке ашырылып жаткан реформалар кытай улутунун кайра жаралуу кыялын ишке ашырып жатат. Бул реформалардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүндө жаңы ири жетишкендиктер болот деп ишенем, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кыргыз-кытай мамилелери салттуу жакшы коңшулугу, достугу, кызматташуусу жана эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда маанилүү маселелерде өз ара колдоосу менен мүнөздөлөрү белгиленди.

Жээнбеков 2020-жыл дагы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли, эки өлкө элинин бакубатчылыгы үчүн бардык багыттар боюнча активдүү кызматташуунун алкагында болоруна ишеним билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM