Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик президенттери чек ара боюнча сүйлөштү

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 354 | 0

Бүгүн, 24-январда президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты. Эки президент ошондой эле эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде жакынкы келечекке карата пландарды белгилешти.

Эске салсак, 21-январдан 25-январга чейин Бишкек шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтордун жолугушуусу өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM