Биз менен байланышыңыз

Экотехинспекциянын башчысын кызматтан алуу сунушталды

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 526 | 0

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция башчысы Жолдошбек Жунушевди кызматынан четтетүү сунушталды. Бул тууралуу маалыматты Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттерге билдириди.

Анын айтымында, Жунушев жетектеген кызматтын алты кызматкери системалык түрдө пара талап кылуу фактысы менен кармалган. Инспекцияда Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбаган учурлар бар.

Пара талап кылууга шектелген кызматкерлер Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2019-жылы кармалган. Пландалган иш чаралардын жүрүшүндө мекеменин ишмердүүлүгүндө туруктуу коррупциялык система калыптанганы ачыкталып, токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM