Connect with us

Жыл ичинде Улуттук банкта күтүлгөн өзгөрүүлөр

Кыска кабар , Экономика | 21 Янв 2020 | 791 | 0

Улуттук банк жыл соңуна чейин санариптик валюта боюнча мыйзам долбоорун сунуштоого белсенүүдө. 2020-жылдын 1-январына карата 1 712 банкомат, 11 114 POS-терминал жана 1 827 төлөм терминалы орнотулган. 2022-жылга чейин алардын санын арттыруу планы бар. Былтыр баалар орточо алганда 1,1 пайызга, инфляция жылдык мааниде 3,1 пайызга чейин өскөн. Акча базасы 11,0 пайызга кеңейип, 6,3 млрд сомго көбөйүү менен 118 млрд сомдон ашык каражатты түздү.


Кыргызстандын Улуттук банкы жыл аягына чейин санарип валютаны жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгат. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымдады.

Анын айтымында, Кыргызстанда санарип валютада транзакциялар жүргүзүлүп жатат. Улуттук банк рынок өнүгүп жатканда четте тура албайт. Учурда жумушчу топ түзүлүп, алар башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүп жатышат.

Жыл аягына чейин санарип валютаны жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгабыз. Биз санарип валютага инвестиция кылууну сунуш кылбайбыз. Себеби, ал рынок туруктуу эмес. Ошондуктан, жарандар тиги же бул санарип валютага инвестиция кылууда сак болушу керек. Жакында ишке киргизилген Дата борбору тиешелүү сертификат менен тастыкталды жана өндүрүштүк иштетүүгө кабыл алынды. Бул борбор Орто Азиядагы Tier III Certification of Design Documents жана Tier III Certification of Constructed Facility сертификаттарына ээ  биринчи объект болуп саналат. Анда ар бир финансылык транзакциялар боюнча маалымат чогултулат. Калкка кандай финансылык кызмат керек экенин анализдөөгө даяр материал болот. Дата борбор жалпы улуттук банк системасына арналган.

Мындан сырткары Улуттук банк коммерциялык банктарга көзөмөл кылуу үчүн жасалма интеллектти ишке киргизүүнү көздөп жатат. Толкунбек Абдыгулов аталган долбоорлорду мекеменин Дата борбору аркылуу ишке ашырууга болорун айтып, банк тармагына санарип технологияларды киргизүү боюнча бир катар максаттар бар экенин белгиледи.

— Алсак, коммерциялык банктардын электрондук отчеттуулугу, Улуттук банктын көзөмөлүн жасалма интеллектке өткөрүү тууралуу ойлонуу керек. Программа эсептерди өзү жасайт. Маселен, бизде ар бир банктын куратору бар. Ал тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдүн принциптерине таянып, күн сайын ар бир банктан финансылык көрсөткүчтөрдү, балансты алат. Ага анализ жүргүзүп, тобокелдик байкалган банктын ичинде текшерүү жүргүзуп, суроолорго жооп издейт. Ал эми банктарга жасалма интеллект кирсе, программа өзү карап чыгып, сунуштарды берет. Бул адамдык фактордун таасирин төмөндөтөт.  

2019-жылы Улуттук банк сомдун курсун колдоо үчүн 143 млн 45 миң доллар саткан. Валюта рыногунда туруктуу жагдай байкалган: алмашуу курсу жыл ичинде 0,3 пайызга төмөндөп, 69 сом 64 тыйынды түзгөн. Эл аралык резервдердин көлөмү 268 млн 6 миң долларга көбөйүп, 2 млрд 424 млн долларды түзгөн. Буга кошумча, банктагы депозиттер 13,4 пайызга, ал эми насыя портфели 14 жарым % өсүп, 146 млрд 4 миң сомго чейин көбөйгөн.

Улуттук валютада жаңыдан берилген насыялар боюнча орточо салмактанып алынган чен, 2018-жылына салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка төмөндөп, 2019-жылы 19 пайызды түзгөн. Улуттук банктын банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын жетекчиси Жылдыз Сулайманбекова насыя алуунун шарттары жеңилдетилгенин кабарлады.

Улуттук банктын ченемдик жана укуктук базалары өркүндөп жатат. Алсак, мурда насыя берүүдө юридикалык жактардан насыянын көлөмү канча болбосун, бизнес-план талап кылынчу. Учурда алар акча жүгүртүүнү толуктоо үчүн бизнес-планды көрсөтпөй туруп эле 3,5 млн сомго чейин насыя ала алат. Буга кошумча, мурда эмгек акы боюнча маалыматкатта 1 жылдык айлык көрсөтүлүүгө тийиш болчу. Азыр ал мөөнөттү 3-6 айга чейин кыскарттык. Арыз берүүнүн шарттары да жеңилдетилди. Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте 2019-жылы экономикага 4,04 млрд сом көлөмүндө: 12 пайыздан ашпаган чен боюнча 2,46 млрд сом көлөмүндө региондорду өнүктүрүү максатына, 10 пайыздан ашпаган чен боюнча «Айыл чарбасын каржылоо-7» программасынын алкагында 1,58 млрд сом өлчөмүндө насыя жумшаган.

Мекеме тарабынан чыгарылган банктык карталардын саны көбөйүүдө. Төлөм карталарын колдонуу менен 48 миллионго жакын операция жүргүзүлгөн. Ишке ашырылган операциялардын көлөмү 240 млрд сомго жакындап, 22,3 пайызга өскөн. Нак эмес төлөмдөрдүн көбөйүшү менен бирге, банкоматтардын саны 129 бирдикке, POS-терминалдардын саны 1 068 бирдикке жана төлөм терминалдарынын саны 221 бирдикке көбөйгөн.

Быйыл алардын санын дагы да арттыруу пландалып жатканын Улуттук банктын төлөм системаларынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Мээрим Акулуева билдирди.

— 2020-жылдын 1-январына карата 1 712 банкомат, 11 114 POS-терминал жана 1 827 төлөм терминалы орнотулган. 2020-2022-жылдар ичинде коммерциялык банктар тарабынан 514 банкомат, 3 миң 951 POS-терминал жана 1 421 төлөм терминалын алып келүү  пландаштырылууда. Ал эми карталарды колдонуу менен соода-тейлөө ишканаларында ишке ашырылган операциялардын саны 2019-жылы 11,1 млн төлөмдү түзгөн. Мындай операциялардын саны 2018-жылга салыштырмалуу 73,4 пайызга көбөйгөн, ал эми операциялардын көлөмү 18,5 млрд сомду түзүп, 69,7 пайызга өскөн. 

Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын 11 айында жеке адамдардын акча которуулары 11,6% азайып, 2 млрд 192 млн долларды түзгөн. Ал 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 11,6 пайызга төмөн.

Copyright © 2017 Maral FM