Биз менен байланышыңыз

Курсан Асановдун сот иши: “Чындык” гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков камакка алынды

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 542 | 0

Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суракка чакырылган  “Чындык” гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков камакка алынды. Бул тууралуу юрист Чынара Жакупбекова маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, редактор бүгүн ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишинин алкагында Аскер прокуратурасына суракка чакырылган.

Турсунбек Бейшенбеков сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча редакторго гезитке басуу үчүн үлкөн милиция тарабынан жашыруун маалымат берилгени айтылат.

Журналист Курсан Асанов менен эч кандай тааныштык байланышы жок экенин айтып келет.

Эске салсак, Курсан Асанов 13-августта Ички иштер министринин орун басары кызматынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган. Буга 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Асанов «милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө себеп болгон.

Сот анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM