Connect with us

Улуттук банк Дата борборун ишке киргизди

Кыска кабар | 19 Янв 2020 | 655 | 0

Улуттук банктын маалыматтарды иштеп чыгуу борбору Дата борборун ишке кирди. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, Дата борбору Улуттук банктын негизги милдеттерин аткаруу — төлөмдөр жана соода системаларынын, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, банк көзөмөлү алкагында банк отчеттуулугун алуу жана иштеп чыгуу системасынын, электрондук документ жүгүртүү, «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну уюштуруу системасынын, банктын ички операциялык ишмердиги үчүн системалардын иштөөсүн камсыз кылуу ж. б. үчүн иштелип чыккан.

Дата борбор дүйнөгө таанымал эл аралык көз карандысыз Uptime Institute уюмунун тастыктамалоосунан өткөн Борбордук Азиядагы жалгыз борбор болуп саналат.

Бул Дата борбору эң жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүгү, коопсуздугу жана үзгүлтүксүз иштөө жөндөмдүүлүгү менен айырмаланат.

Бардык негизги системаларды кайталоо (дублирование) электр кубаттуулугу өчүп калганда Дата борборунун жабдууларынын чектелбеген мөөнөткө үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат. Бул өлкөнүн банк жана төлөмдөр системаларынын ишинин туруктуулугун бир кыйла жогорулатат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM