Биз менен байланышыңыз

Нурматов: «Кыргызстан» партиясы убадасынын 50%ын аткарды

Саясат | 17 Янв 2020 | 787 | 0

“Кыргызстан” саясий партиясы 2015-жылы шайлоо алдында берген убадаларынын 50 пайызын аткарды. Мындай пикирин аталган партиядан депутат болгон Кубанычбек Нурматов “Маралга” берген маегинде билдирди.

-Менин оюмча, биздин партия берген убадаларынын 50 пайызын аткарды. Жумушчу орундарды түздүк. Бир топ кайра иштетүүчү ишканалар курулду. Медицина тармагына көңүл бурдук. Мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык обьектилердин курулушун ишке ашырдык. Ошондой эле жаңы төрөлгөн бала үчүн ата-энелер сүйүнчүпул алып баштады . Ушул долбоорду ишке ашырууга 50 миң сом убадаланган эле, бирок бюджеттин тартыштыгынан улам 4000 сомду киргиздик. Колдон келишинче өкмөт, президент менен иштештик”, — деди эл өкүлү.

Ал эми калган убадалардын аткарылбай калышына эмне же ким тоскоол болду?” деген сурообузга : “Негизги себеп — бюджеттин тартыштыгы, инвестициянын азайганы болду. 2 жылдан бери мурунку президент Атамбаевдин ызы-чуусунун таасири көптөгөн инвесторлордун келишине тескери таасирин тийгизди. Жумуш көрсөтүлгөн жок.  Анын ичинде Өкмөт да, ЖК да бар. Элдин да дүрбөлөңгө салып туруп алды. Аны көргөн инвесторлор келбей, келген инвесторлор жумушун аткара алган жок. Менин оюмча, мындан жумуштар эми гана алдыга жыла баштады”,-деп жооп берди Нурматов.

Copyright © 2017 Maral FM