Биз менен байланышыңыз

Сот Көк-Таштын 4 тургунунун экөөсүн үй камагына бошотту

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 1277 | 1

Көк-Таш айылында чагымчылдыкка шектелип камакка алынган 4 тургундун экөө — Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаев үй камагына чыгарылды. Ал эми Зайнидин Бердиев менен Нурбек Сапарбаев 1 айга камакта болот. Мындай чечим бүгүн Кадамжай районунда өткөн облустук соттун отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу камакка алынган Зайнидин Бердиевдин бир тууган агасы Аззамбек Бердиев “Маралга” билдирди.

Экөө чыкты. Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаев үй камагына чыкты. Зайнидин менен Нурбек Сапарбаев камакта калды. Биз адвокаттар менен камакта калган бир туугандарыбызды да бошоткула деп дагы жогорку инстанцияга кайрылабыз, — деди Аззамбек Бердиев.

Чагымчылдыкка шектелген төрт жарандын үй-бүлө мүчөлөрү Көк-Таштан 160 чакырым алыстыкта жайгашкан сотко барышты.

Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары Зайнидин Бердиев, Улукбек, Нурбек жана Үсөн Сапарбаевдерди чагымчылдык жасады деген шек менен 11-январда милиция кармаган.

13-январда Кадамжай райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Январдын он үчүндө жана он бешинде аларды бошотуу талабы менен Баткен облустук бийлигинин имаратынын алдында жана Бишкекте ак үй алдында ири нааразычылык акциялары өткөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Айка

    18.01.2020 20:53

    Эми тажиктер олтуруп,орттоп,таш баранга алып жатса дагы унчукпай туруп берет экенбизда.Бийликтеги чмолордун тупой чечимдеринен.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM