Көк-Таш айылында чагымчылдыкка шектелип камакка алынган 4 тургундун экөө — Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаев үй камагына чыгарылды. Ал эми Зайнидин Бердиев менен Нурбек Сапарбаев 1 айга камакта болот. Мындай чечим бүгүн Кадамжай районунда өткөн облустук соттун отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу камакка алынган Зайнидин Бердиевдин бир тууган агасы Аззамбек Бердиев “Маралга” билдирди.
— Экөө чыкты. Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаев үй камагына чыкты. Зайнидин менен Нурбек Сапарбаев камакта калды. Биз адвокаттар менен камакта калган бир туугандарыбызды да бошоткула деп дагы жогорку инстанцияга кайрылабыз, — деди Аззамбек Бердиев.
Чагымчылдыкка шектелген төрт жарандын үй-бүлө мүчөлөрү Көк-Таштан 160 чакырым алыстыкта жайгашкан сотко барышты.
Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары Зайнидин Бердиев, Улукбек, Нурбек жана Үсөн Сапарбаевдерди чагымчылдык жасады деген шек менен 11-январда милиция кармаган.
13-январда Кадамжай райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Январдын он үчүндө жана он бешинде аларды бошотуу талабы менен Баткен облустук бийлигинин имаратынын алдында жана Бишкекте ак үй алдында ири нааразычылык акциялары өткөн.