Биз менен байланышыңыз

Австралияда катуу жаандын жаашы күтүлүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 769 | 0

Аба ырайы өрт өчүрүүчүлөргө кичине тыным берди окшойт. Учурда Сидней өтө катуу жаай турган жамгырга даярданып турган учуру.

Австралиянын туристтик тармагы токой өртүнүн кесепетинен тарткан чыгымы 619 млн еврого бааланды. Бул тууралуу 16-январда Reuters агенттиги австралиялык туристтик индустрия кеңешинин (ATIC) маалыматына таянып жазып чыкты.

Өрт 11,8 млн гектар (118 миң квадрат километр) жерге таралган. Бул болжол менен Болгариянын аймагына тете жер. Өрттүн айынан Австралияда акыркы маалыматтар боюнча 29 киши курман болгон.

Эксперттер мунун бардыгын болуп көрбөгөндөй климаттык өзгөрүүнүн белгиси деп эсептешет. Бул өрт 2019-жылын август айынан бери уланып келе жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM