Биз менен байланышыңыз

Matteo Pellicone: Айпери олимпиада чемпиону Наталья Воробьева менен күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 16 Янв 2020 | 468 | 0

Кыргызстандын балбан кыздары бүгүн Matteo Pellicone – 2020 эл аралык рейтингдик мелдеште килемге чыгышат. Жарым чейрек финалдан баштап күрөшкөн Айсулуу Тыныбекованын атаандашы кытайлык Цзя Лонг болмокчу. Нураида Анаркулова германиялык Елена Хайке Брюггер менен таймашат. Ал эми Айпери Медет кызы олимпиада чемпиону, орустун балбан кызы Наталья Воробьева менен күч сынашат.

Бул тууралуу өлкөнүн кыз-келиндер күрөшүнүн вице-президенти Байгазы Кенжебаев “Маралга” билдирди.

Азыр саат төрттөрдө кыздар таразага түшүшөт. Андан кийин бир жарым сааттардан соң килемге чыгышат. Биздин курамада Нураида Анаркулова, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы мелдешке барышкан. Бүгүн үчөө тең күрөшөт. Ким биринчи килемге чыгаары азырынча белгисиз. Мелдеш рейтингдик болгондуктан, мыктылар катышууда. Кыргызстан курамасынан жакшы жетишкендиктерди күтөбүз, — деди Байгазы Кенжебаев.

Ушул күндөрү Италиянын борбору Рим шаарында Matteo Pellicone – 2020 өтүп жатат. Кечээ грек-рим күрөшү боюнча балбандар күрөшүп, жеңүүчүлөр аныкталган.

Кыргыз курамасынан Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM