Биз менен байланышыңыз

Оштун Тажикстан менен чектеш жеринде жер титиреди

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 345 | 0

Бүгүн, 15-январда Ош облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу өлкөнүн Сейсмология институту билдирет.

Силкинүү саат 15:19да катталып, Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM