Биз менен байланышыңыз

ИИМ соцтармактарда тараган аудио боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 379 | 0

Социалдык тармактарда Кыргызстанда Кытай жарандары иштеген жерде «кытайлар жеген ымыркайлардын денеси» табылгандыгын маалымдаган жарандын аудио жаздыруусу тарап жаткандыгына байланыштуу Ички иштер министрлиги билдирүу жасады.

Аталган маалымат чындыкка дал келбейт. Аудиожазууда тоолуу аймакта топтолгон көп адамдар камтылып, алардын ыйы угулган видео коштолгон.

Видеодогу кадр көчкүнүн кесепетинен дайынсыз жоголгон эки жумушчуга арналган куран окутуу учурунда Кумтөр алтын кен иштетүүчү жерде тартылган.

Учурда милиция кызматкерлери маалыматты тараткан булакты тактоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM