Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Рыспай Абдыкадыровду эскерүү иш чарасы өттү

Без рубрики , Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 402 | 0

Кыргыз улуттук филармониясында обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жарыялады.

Кечеге КР президентинин кеңешчиси Султан Раев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жана ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө филармониянын ырчылары эскерүү кечесине келгендерге улуу таланттын кайрыктарын сунуштады.

Белгилей кетсек, Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, 200дөн ашуун чыгармаларды жараткан.

Залкар талант 1994-жылы 53 жаш курагында көпкө созулган оорудан көз жумган, көзү тирүү болгондо быйыл 79 жашка чыкмак.

Copyright © 2017 Maral FM