Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Сасык тумоо башталары менен дароо дары ичкенге болбойт

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2020 | 7372 | 0

Учурда сасык тумоого кабылгандардын саны көбөйүп, кардарлардын чакыруусуна дарыгерлердин убактысы жетпей жаткандыгы жөнүндө Бишкек шаарынын  №4 үй-бүлөлүк борборунун дарыгери Рысбү Сарыбашева “Мединфо” берүүсүнө маек берип жатып билдирди.

Ошондой эле, Сарыбашева сасык тумоону алдын алуу боюнча жалпыга кеңеш катары төмөнкүлөрдү айтты:

Сасык туумоо бул вирус себепкер болгон дем алуу жолдорунун инфекциялык оорусу. Сасык тумоону арина вирус, парагрипп вирусу жана риновирустар чакырат.

Аны алдын алыш үчүн эң биринчиден, адам  өздүк гигиенасын жакшы сактап, эшиктен киргенде сөзсүз түрдө колду эки жолу самындап жуушу зарыл. Үйдүн ичин бат-бат желдетип, нымдуу тазалык жүргүзүүсү керек.  Имунитетти түшүрбөй турган тамак-ашты көп колдонуп жана спорт менен машыгуу сасык тумоого кабылбоого чоң жардам берет.

Өз алдынча дарыланууга болбойт. Сасык тумоо башталары менен дароо антибиотик колдонуу туура эмес. Сасык тумоого арналган  вируска каршы дары-дармектер жардам бербей, оору өтүшүп кеткен  учурда дарыгердин сунушу менен гана колдонууга болот. Эгер антибиотикти грип дароо башталганда колдонсо, ал организмдин өз алдынча вирус менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратып, иммунитетти төмөндөтүп, терс таасирин берет.

Copyright © 2017 Maral FM