Биз менен байланышыңыз

Балыкчы-Каракол жолунда жол кырсыгынан 2 киши каза болду

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 442 | 0

Балыкчы-Каракол унаа жолунун 55-чакырымында (Өрнөк айылы) “Камаз” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Мерседес-Ман” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Камаздын кабинасы күйүп 2 эркек киши каза болуп, 2 эркек киши жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Каза болгон адамдардын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген, ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кырсык болгон жерге Ысык-Көл райондук №32 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн өрт өчүрүүчү 2 бөлүм жана 3 куткаруучу тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM