Биз менен байланышыңыз

Кайрат Маматов Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына кайрадан төрага болду

Кыска кабар | 11 Янв 2020 | 629 | 0

Кайрат Маматов Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагасы болуп кайрадан шайланды. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымат кызматы кабарлады.

Маматов шаардык шайлоо комиссиясы бүгүн өткөн биринчи отурумунда төрагалыкка шайланды. Анын талапкерлигин шаардык АШКнын бардын мүчөлөрү бир добуштан колдоого алышкан. Кайрат Маматов был кызматты 2012-жылдан 2019-жылга чейин аркалап келген.

Бүгүн ошондой эле АШКнын катчылыгына талапкер көрсөтүлүп, ага Айбек Стамов бир добуштан шайланды.

Copyright © 2017 Maral FM