Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда балдардын өлүмү азайды

Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 626 | 0
Автор: Влад Ушаков

Кыргызстандын калкынын дээрлик 37 пайызын балдар түзөт, же алардын саны эки миллион 100 миңден ашык. Бул тууралуу 2020-жылды «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыялоо тууралуу мамлекет башчысы кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктап жатып билдирген.

Бул жалпы калктын санынын үчтөн биринен көп, башкача айтканда Кыргызстан жаш өлкө болуп саналат.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, балдар арасындагы жакырчылык Кыргызстандагы өтө олуттуу көйгөй болуп саналат. 900 миң бала жакырчылыкта жашайт жана бул көрүнүш өзгөрбөй келет.

Балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли улам өсүүдө (32.1 пайыз). Балдар жакырчылык боюнча статистикада пропорционалдуу эмес чоң даражада көрсөтүлгөн (2015-жылы 40.5 пайызды түзгөн). Бул болсо сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жана коргоого жеткиликтүүлүктүн жетишсиздигине, ошондой эле жаратылыш жана антропогендик табият кырсыктары алдында коргоосуз калуусуна алып келди.

Кыргызстанда балдар арасындагы өлүмдүн саны акыркы 25 жылда бир кыйла азайды. Мурун 1000 баланын ичинен 65 бала чарчап калса, 2015-жылы миң баланын 21и чарчап калган.

ВИЧ менен ооруган энеден дени сак төрөлгөн балдардын саны көбөйүүдө: энеден балага ВИЧ өткөн учурлар азайды – 2011-жылы 13.3 % болсо, 2013-жылы 2.9 %га түштү. Буга карабастан, эне өлүмүнүн деңгээли дагы деле жогору бойдон кала берүүдө. Айылдык жана жакыр аймактарда беш жашка чейинки балдардын 21 %ы, ал эми шаар жеринде 9 %ы тамактын жетишсиздигинен азап тартышат. Темир жетишсиздиги, анемия беш жашка чейинки балдардын 43 %ына терс таасирин тийгизет.

Белгилей кетсек, өлкөдө 30 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

Copyright © 2017 Maral FM