Биз менен байланышыңыз

8-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 7 Янв 2020 | 632 | 0
Автор: Влад Ушаков

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 8-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-январда күндүз жана 7-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -3…..-8… күндүз: -4…….1°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -5…..-10….күндүз: -4………1°C

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: -1……-6….күндүз: 0……..5°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -6…..-11….күндүз: -3……..2°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -17……-22…..күндүз: -9..……-14°C

8-январда Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5……-7°C, күндүзү -1………1°C.

Copyright © 2017 Maral FM