Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 6 Янв 2020 | 431 | 0

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер силкинүү кечээ, 5-январь күнү саат 15:59да болгон.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 3 балл, Кара-Кабак айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM