Биз менен байланышыңыз

Президент коңшу өлкөлөрдүн лидерлерин жаңы жылы менен куттуктады

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 603 | 0

Бүгүн, 30-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Жаңы 2020-жылы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн бакубатчылыгына жана өнүгүүсүнө багытталган өз ара аракетешүүнүн жогорку динамикасын белгилешип, келерки жылдагы эки тараптуу кызматташтыктарды талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө башчыларына Жаңы 2020-жылы бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM