«Жүк 200» үчүн төлөнүп берилүүчү компенсациянын өлчөмүн 50 миң сомдон 100 миң сомго жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчиси Алмаз Имангазиев билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдан тарта «Жүк 200» үчүн төлөнүп берилүүчү компенсациянын өлчөмү 100 миң сомго жогорулайт.
2019-жылы Кыргызстанга 319 «Жүк 200», тагыраагы, жансыз дене келген. Басымдуу бөлүгү Орусиядан келип, алардын саны 231 ге жеткен.
Казакстандан — 22, Өзбекстандан — 15, Түркиядан- 18, Индиядан 9 «Жүк 200» келген.
Белгилей кетсек, 850 миңден ашык кыргызстандык жарандар чет жерде жашап, иштейт.