Биз менен байланышыңыз

Роза Айтматова III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 1934 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-декабрда, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин Жарлыгына ылайык, төмөнкү адамдар сыйланды:

III даражадагы “Манас” ордени менен:

Розетта Айтматова  Бишкек шаарындагы “Аялдарга жардам берүү борбору” коомдук бирикмесинин президенти;
Табылды Актанов  Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
 Өскөн Осмонов  К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин тарых жана философия кафедрасынын башчысы;
Абдиваит Тажибаев коомдук жана саясий ишмер, эмгек ардагери;

“Даңк” ордени менен:

 Байма Сутенова  Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын программалар дирекциясынын координациялык борборунун менеджери;

“Даңк” медалы менен:

Лев  Алибегашвили   Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор”долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары;
Бегижан Ахмедов   коомдук ишмер, тарыхчы, жазуучу;
  Гүлмира Маматкеримова көз карандысыз эксперт, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү;
 Аскар Мамбеталиев  пенсионер;
 Рахматилла Мурзаев   Социалдык фонддун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын начальниги;
Акылбек Мусаев  Бишкек шаардык № 1 клиникасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы;
Владислав Пальчунов   Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Муз-Төр” ачык акционердик коомунун башкы директору;
Бердибай Примов  “Пэрити Коал” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
 Латипжан Сагынбаев  коомдук жана саясий ишмер, эмгек ардагери;
 Абдыманап  Сопиев  Чүй облусунун Аламүдүн районунун “Афган согушунун жана башка аскердик чыр-чатактардын ардагерлеринин” коомдук бирикмесинин төрагасы, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты;
Александр  Фёдоров  сүрөтчү-фотограф;
Динара  Чочунбаева  “CACSARC-kg” (“КАКСАРК-кейджи”) коомдук фондунун директору;

Copyright © 2017 Maral FM