Биз менен байланышыңыз

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруудагы электрондук тутумдун айрым компоненттерин ишке ашыруунун мөөнөтүн жылдырды

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 424 | 0

Өкмөт салык жол-жоболорун фискалдаштыруудагы электрондук тутумдун айрым компоненттерин ишке ашыруунун мөөнөтүн жылдыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Электрондук эсеп-фактураны милдеттүү пайдалануу компоненти боюнча долбоор 2020-жылдын 1-апрелине чейин, автоунааларга май куюучу станцияларга автоматташтырылган каттоо системасын колдонуу боюнча долбоордун мөөнөтү 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартылды.

Бул чечим кыйынчылыкка туш келбей өтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, ишкерлик субъектилерин колдоо жана жогоруда айтылган компоненттер боюнча өткөөл мезгилди түзүп берүү максатында, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн көптөгөн кайрылуулары жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жумушчу жолугушууларга байланыштуу кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM