Биз менен байланышыңыз

Президенттик стипендиаттар 7 критерий менен тандалды

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 400 | 0

Кыргызстанда 31 университеттен 74 студентке президенттик стипендия берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Динара Бекташева билдирди.

Мыктыларды тандоодо 13 адамдан турган жумушчу топ иштеп, студенттер 7 критерий боюнча тандалып алынган.

Студенттин окуудагы жетишкендиктери, эл аралык сынак, конкурстардан байгелүү орундарды алуусу, изилдөөчүлүк иштери, долбоорлорду презентациялоо, илимий изилдөөсүн мезгилдүү басылмаларга жарыялоо, студенттин тил билүүсү, коомдук, маданий иштерге активдүү катышуусу сыяктуу артыкчылыктарына карадык, — дейт адис.

Президенттик стипендия алуу үчүн жалпысынан 184 студент арыз тапшырганын Динара Бекташева өз сөзүндө кошумчалап өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM